www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери менен жолугушту

Кызгалдак Жакыпова 22-июль 2019, 17:26

Расмий кабарлар


Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери  менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-июлда Кыргызстанга расмий визит менен келген Сауд Арабия Королдугунун Аш-Шура Мажлисинин спикери Абдалла бин Мухаммад Аль Аш-Шейх менен жолугушту.

Эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде өлкөлөр ортосундагы парламенттер аралык өз ара аракеттешүүнүн мындан аркы келечеги талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясы — Кыргыз Республикасы үчүн артыкчылыктардын бири экенин, достук мамилелерге акыркы жарым жыл ичиндеги ар кайсы деңгээлдеги өз ара визиттер күбө болуп саналарын белгиледи.

Президент биргелешкен өз ара аракеттешүүнү тереңдетүү боюнча аракеттер уланарын баса белгиледи. Ал соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды, айыл чарба жана региондор аралык чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүүдө чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясынын Королу, эки ыйыктыктын Сактоочусу Салман бин Абдель Азиз Аль Саудуга салам жолдоду.

Сауд Арабия Королдугунун Аш-Шура Мажлисинин спикери Абдалла бин Мухаммад Аль Аш-Шейх Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жемиштүү сүйлөшүүлөр өткөнүн белгиледи. Анын жүрүшүндө парламенттер аралык өз ара аракеттешүүнү активдештирүү чаралары эле эмес, эки тараптуу кызматташтык маселелеринин бардык спектри талкууланды.

Ал мындан ары да өз ара аракеттешүүгө жана кызматташуунун эң эле келечектүү чөйрөлөрүн аныктоого даярдык билдирди.

Абдалла бин Мухаммад Аль Аш-Шейх Сауд Арабиясында Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий визитин күтүп жатышканын баса белгиледи.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83