www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков Түркия Парламентинин депутаты Йылдырым Тугрул Түркешти кабыл алды

Кызгалдак Жакыпова 23-июль 2019, 17:17

Расмий кабарлар


Президент Сооронбай Жээнбеков Түркия Парламентинин депутаты Йылдырым Тугрул Түркешти кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Улуттук улуу жыйынын депутаты Йылдырым Тугрул Түркешти кабыл алды.

Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу кызматташтыктын азыркы абалы менен канааттануу билдирди жана Кыргызстан үчүн Түркия бир тууган жана дос өлкө экенин белгиледи.

Президент  2018 - жылы Кыргызстан менен Түркия ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңештин 2014 - жылдан бери өтпөй калган жыйыны өткөнүн эске салды.

Ал соода-экономикалык байланыштарды өркүндөтүү жана экономикадагы келечектүү багыттарды аныктоо зарыл экенин баса белгиледи.

Түркия Улуттук улуу жыйынын депутаты Йылдырым Тугрул Түркеш кабыл алуусу үчүн ыраазылык билдирди жана парламенттер аралык диалогду активдештирүү эки өлкө ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө жакшы таасир этерин белгиледи.

Йылдырым Тугрул Түркеш түрк тарап конструктивдүү диалог үчүн ар дайым ачык экенин баса белгиледи жана Кыргызстан менен Түркия ортосундагы өз ара аракеттешүүнү мындан ары карай илгерилетүүгө даяр экенин билдирди.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83