www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

Кызгалдак Жакыпова 24-июль 2019, 14:06

Расмий кабарлар


Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 24-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага чың ден соолук, бакубаттык жана мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, достукту жана ынак кошуналык мамилелерди бекемдөөгө кошкон олуттуу салымын белгиленди.

Мамлекеттер башчылары ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашты, өз ара аракеттешүүнүн бардык багыттары боюнча кыргыз - өзбек мамилелеринин ыкчам өнүгүп жаткандыгын белгилешти.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83