www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каныбек Осмоналиев: “Аял кишиге берүү – салтты кордогондук”

Кызгалдак Жакыпова 25-июль 2019, 14:33

Саясат


Каныбек Осмоналиев: “Аял кишиге берүү – салтты кордогондук”

Азыр Орусиялык телевидениеде алып баруучу, ырчы болуп, “Инстаграммда” 16 миллион подписчиги менен жылдыз болуп жаткан Ольга Бузовага ага чейин ким эле? "Дом 2” реалити-шоуда жүргөн "бузулган" кыз болчу. Дал ушул кыз 19-июлда Бишкектеги лаунж бардын ачылышына карата уюштурулган концертке конок катары чакырылып, келип кетти. Уюштуруучулар концерттен кийин ага саймалуу чепкен, калпак жана камчы тартуулашкан. Бузова баалуу белектин баркын билмек беле, бөлмөсүнө барганда кийип, колуна камчыны кармап, үстөлдү, жерди чапкылап ойноп, ырдап, бийлеген. Мындай тасма социалдык тармакка тарап, кыргыздар алигүнчө намыстанып. сөз кылып келишүүдө. Биздин баалуу белектер аялдарга бериле баштаганы боюнча биз белгилүү адамдарга кайрылып, пикирин уктук.

- Калпакты белек кылуу көңүл ирээнжиткен салтка айланып бара жатат. Камчыны айтпай эле коёюн! Анын сакралдык касиети жоголуп бара жатканынын мисалы катары бөтөн элге, болгондо дагы аял кишилерге берүү — кыргыздын салтын кордогондук. Мындайды кыргыздын душмандары гана жасайт. Болбосо аялдарга белек кылуунун толгон-токой жолдору бар го. Бир болбогон эле муун болуп бара жатабыз.Кыргыздар өзүнүн менталитетине жат болгон нерселерге бат берилип жатканы чоң трагедия! Бул өтө коркунучтуу синдром! - деди экс - депутат Каныбек Осмоналиев.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83