www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаевдин "атасы" Путин Жээнбеков менен сүйлөшөм дептир...

Кызгалдак Жакыпова 25-июль 2019, 14:59

Саясат


Атамбаевдин "атасы" Путин Жээнбеков менен сүйлөшөм дептир...

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукканда эмнени сүйлөшкөнүн өзү менен кечээ чогуу кеткен кеңешчиси Кундуз Жолдубаева аркылуу айттырыптыр.

Ал Атамбаевдин айткандарын бүгүн, 25-июлда «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады. Анда Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экенин дагы бир жолу тастыктаганын баса белгиленип, ички маселе өз ара чечилиши керектиги айтылган. «Азыркы бийлик мыйзамдуу жолго кайтып келиши керек! Алар соттук иштерде калыстыкты кармап, атаандаштарына саясий куугунтукту токтотушу зарыл! Менин тарапташтарым шайлоого даярданууга мүмкүнчүлүк алышы абзел. Бул тууралуу Владимир Владимирович Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүгө ниеттенүүдө».,- дептир Атамбаев.

Эскерте кетсек, Атамбаев кечээ (24-июлда)  Орусиянын Канттагы аба майданы аркылуу учуп кетип, Кремлден Владимир Путин менен жолугуп, сүйлөшкөн. Жолугушуудан кийин Путин дароо эле журналисттердин суроосуна жооп берип, Кыргызстандыктарды ынтымакка чакырып, эки жолу революция башыбыздан өткөрүнүн эскертип, өлкөгө стабилдүүлүк керектигин айткан. 

Атамбаев бүгүн келем деген, бирок, айрым саясатчылар келээринен күмөн санашууда...

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83