www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Турсунбек Акун: "Атамбаев кырдаалды курчутуп, өзүнүн абалын оорлотууда"

Кызгалдак Жакыпова 25-июль 2019, 16:02

Саясат


 Турсунбек Акун: "Атамбаев кырдаалды курчутуп, өзүнүн абалын оорлотууда"

КРнын экс-Акыйкатчысы, Турсунбек Акун, «Атамбаев кырдаалды курчутуп, өзүнүн абалын оорлотууда», деп "Майдан.kg" гезитине маек курган. Мурдагы президенттин Кой-Таштагы иш-аракеттери акылга да, логикага да сыйбай баратат. Фантазиялары да, ойлоп табуулары да чексиз болуп бараткансыйт. Эптеп эле короосундагы элди кармап, коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурдуруу үчүн ушундай бир чети күлкүнү, бир чети кыжырды келтирген аракеттерди жасап жаткандыгы айтпаса да түшүнүктүү болуп калды. Аргасыздан «…мурдагы президент түнү менен сценарийин жазып, эртеси күнү аны ишке ашырып аткан окшойт» деген ойго кептелбей койбойсун.

«Бийлик күч колдонгону жатыптыр» дегендей чагымчыл маалыматтарды өздөрү таратып, кайра ага өздөрү реакция кылып, айтор мунун баары кырдаалды чыңалтуу максатында жасалып аткандыгын түшүнүү кыйын эмес. Ал өзүнүн жасап жаткандарына отчет берип жатабы? Ал чындап эле ушундай жолдор менен максатына жетем, жазадан кутулам деп ойлойбу? Качанга чейин бир ууч элдин артына жашынып, аялдар менен балдарга корголойт?

Бул суроого Турсунбек Акун жооп берди:

- Албетте, мыйзам чегинде чара көрүү керек. Биринчи кезекте Алмазбек Атамбаев өзүнөн башташы керек болуп турат. Жигитчесинен өзү суракка келсин. Бүгүнкүдөй кадамдары менен ал кырдаалды гана курчутуп, өзүнүн абалын оорлотууда. Кырдаалды чечүү үчүн мыйзам чегинде катуу чараларды көрбөсө болбой калды. Коркуунун кереги жок. Ачык конфликтти пайда кылууга аракет кылган тарап күнөөлүү болот. Конфликттик абалды ИИМ суракка чакырса барбаган Атамбаев жаратууда. Ал чагымчылдык аракеттери аркылуу бардыгына зыянын тийгизип атат.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83