www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сот депутат Момбековго акчалай айыппул салды

Кызгалдак Жакыпова 26-июль 2019, 17:12

Кылмыш жана кырсык


Сот депутат Момбековго акчалай айыппул салды

Сокулук райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековго акчалай айыппул салды.

Буга чейин Маалыматтык технологиялык жана байланыш комитетинин мурдагы жетекчиси Бакыт Шаршембиев «кадыр-баркыма шек келтирди» деп Момбековдон 1 миллион сом моралдык кенемте өндүрүүнү талап кылган.

Сот 26-июлда Шаршембиевдин арызын негиздүү деп тапты. Чечимге ылайык, Рыскелди Момбековду Бакыт Шаршембиевдин пайдасына 25 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Депутат Момбеков соттун чечимине нааразы экенин айтып, чечим мыйзамсыз кабыл алынганын билдирүүдө:

«Депутат парламентте сүйлөгөн сөзү боюнча куугунтукталбашы керек. Ага карабай, эч кандай экспертиза өткөрбөй туруп эле мени күнөөлүү деп тапты. Бул туура эмес. Мен бул райондук соттун чечиминин үстүнөн облустук сотко жана соттордун Тартип комиссиясына арызданам», - деди Момбеков.

Буга чейин депутат Рыскелди Момбеков парламент жыйынында Бакыт Шаршембиевдин ишин сынга алып, ага карата кылмыш иши козголгону боюнча маалыматтын чоо-жайын сураган. Мындан соң Шаршембиев "Момбеков жалган маалымат таратып жатат" деп сотко кайрылган болчу, - дейт "Азаттык".

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83