www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сапар Аргынбаев: “Бийлик бечелдигин көрсөтпөй, Атамбаевди жоопко тартышы керек!”

Кызгалдак Жакыпова 27-июль 2019, 17:44

Саясат


Сапар Аргынбаев: “Бийлик бечелдигин көрсөтпөй, Атамбаевди жоопко тартышы керек!”

Бүгүн, 27-июлда "Саясий туткундарды коргоо” комитети Алмазбек Атамбаевди жана туткундарды куугунтуктоого катышы бар сотторду жоопко тартууну жана абактагы саясатчылар: Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Эрнест Карыбеков, Абдулла Капаров, Садыр Жапаровду боштондукка чыгаруу талап кылган билдирүүнү таратышты. Билдирүүдө Атамбаевдин Моксквага барып келгенине шарт түзүп берген бийликке нааразы болуп, бийлик бечелдигин көрсөтүп жатканын баса белгиленген.

Эскерте кетсек, Атамбаев 24-июлда Орусиянын Канттагы аба майданы аркылуу Москвага учуп, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугуп, эртеси кечке маал кайтып келген. Ага чейин ал кримтөбөл Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча ИИМге үч жолу суракка чакырылып, барбай койгон. 22-июлда, Кой-Таштагы үйүнө министрдин орун басары Мирлан Каниметов баштаган тергөө тобунун мүчөлөрү барып, кире албай кетип калган. Кремлден келгенден кийин эле “Атамбаев жообун адвокаты аркылуу кат жүзүндө жооп берсе болот” деп чыгышты. “Эмне бизди Путин башкарабы же Жээнбековбу? Эгемендүүлүктү алганыбыз качан?”, - деп эл нааразы.

Жогорудагы комитеттин билдирүүсүндө да дал ушундай суроо бийликке бар. Бизде мыйзам Атамбаевге келгенде токтоп калабы? Ал сөзсүз түрдө жоопко тартылышы керек!

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83