www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дача-Судагы каргашалуу кырсык боюнча 99 кызматкер суралууда

Кызгалдак Жакыпова 31-июль 2019, 10:27

Саясат


Дача-Судагы каргашалуу кырсык боюнча 99 кызматкер суралууда

2017-жылы 16-январда Дача-СУ айылына учак кулап, ал каргашадан 39 адам адам көз жумган.

Ал эми учактын ичиндеги жүк ушул кезге чейин сырдуу маалымат катары айтылып, ачыкталбай келет.

Ал каргашада адамдар өлүп жатса, өрттөнүп жаткан учактан чачыраган телефон, ар кандай гаджет, чайнек сыяктуу буюмдарды жергиликтүү эл жана милиция, өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери алып кетишкени маалым.

Бирок бүгүнкү күндө ИИМ-дин болгону 3-4 кызматкери, ал эми өрт өчүрүү кызматынын 99 кызматкерин суракка алып жатыптыр. Ишти ИИМдин Тергөө боюнча башкы башкармалыгы жүргүзүп жатат. Суралып жаткандардын арасында министр Кашкар Жунушалиевдин айылдаштары да бар экени айтылууда.

Эң кызыгы ар ким көтөрүп кеткен телефондор уурдалды деп эч ким деле арыз жазган эмес. Чынында кулаган учактын товарларын милиция, өрт өчүрүү кызматкерлери эле эмес, ошол айылдын айрым тургундары, башка жактан жардам беримиш болуп баргандар, айтор абдан көп адамдар алып кетишкен. Бул жагын ИИМ да эң сонун билет. Андай болсо өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлерин эле эмес, башкаларды да жоопко тегиз тартышса акыйкаттык болмок.

Андан көрө ИИМ, Башкы прокуратура, УКМК телефон алгандарга асылбай, ошол 39 адамдын өмүрүн алган сырдуу жүктүн ээсин ачык айтып, ошолорду жоопко тартышса жалпы элге жагаар иш болбойт беле. Бул маселе боюнча министр Жунушалиев эмне дейт болду экен. Өткүрбек мырза болсо атына заты жарашпай, илең-салаң иштеп туру.

Кыскасы, укук коргоо органдарынын ана башчылары иштеген иштеринин майын чыгара албай, сындан башы чыкпай келишет. Ошол каргаша болгон учурда Сооронбай Жээнбеков премьер -министр, Абылгазиев биринчи вице болуп, комиссиянын төрагасы болуп, баардык ишти көзөмөлгө алган. Ал тургай чогулган акчанын бир тыйына чейин санап турушкан. Өлкө жетекчилери Дача-Су кырсыгы боюнча эмне үчун бүгүнкү күнгө чейин унчугушпайт. Же өздөрүнүн да аралашып калган жайы бар беле? , дейт Багыт.kg

Булак:NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83