www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы министрге акыркы сөз берилип, 14 жылга кесилди

Кызгалдак Жакыпова 31-июль 2019, 12:12

Саясат


Мурдагы министрге акыркы сөз берилип, 14 жылга кесилди

Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевдин Биринчи Май райондук соту кечээ акыркы сөзүн угуп, аны 14 кести. Жусубалиевдин адвокаты райондук соттун чечимине каршы чыгып, жогорку инстанцияга кайрыларын айтты.

Эскерте кетсек, Азимкан Жусубалиев өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн пара катары 120 миң доллар алган деп айыпталып, ал былтыр декабрда 50 миң доллар пара алды деп кармалган. Чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо жалпысынан 520 миң долларга бааланган. Ири пара боюнча тергөө марттын аягында аяктап, прокуратурага өткөрүлүп берилген.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83