www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ үч өлкөгө курал сатат

Кызгалдак Жакыпова 31-июль 2019, 19:20

Дүйнө жүзүндө


АКШ үч өлкөгө курал сатат

Америка башкаруучулугу Египет, Түштүк Корея жана Канадага жалпы 1,5 миллиард долларлык курал сатууга макулдук берди.

АКШнын Коргоо министрлигине (Пентагон) караштуу коргоо жана коопсуздук боюнча агенттигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Мамлекеттик катчылыктын ыктымалдуу курал сатууга макулдук бергендиги темасында Конресстин маалыматтандырылгандыгы белгиленди.

Үч башка пакет түрүндө бекитилген курал соодасынын ар бири үчүн Конгресске өз-өзүнчө кат жөнөткөн агенттик Египет, Түштүк Корея жана Канадага жалпы 1,5 миллиард долларлык курал сатууга макулдук берилгенин билдирди.

Буга караганда, Египеттин 554 миллион долларга «Оливер Хазард Перри» үлгүсүндөгү согуштук кемелер, FMC ракеталык кемелер жана MHC/CMH мина издөөчү кемелер үчүн техникалык колдоо менен катар 25 жана 28 метрдик эки ылдам сүзүүчү күзөт катерин сатып ала турганы белгиленди.

Түштүк Кореянын болсо 950 миллион долларга 30 даана RQ-4 Block үлгүсүндөгү учкучсуз учак үчүн тылдык колдоо, машыктыруу, байланыш шаймандары, бөлүк жана жаңылоо жагынан колдоо ала тургандыгы маалымдалды.

Ал эми Канаданын 44 миллион долларга 152 даана MIDS-JTRS үлгүсүндөгү өнүктүрүлгөн аскердик байланыш аппараттары, техникалык колдоо жана бөлүктөрүн сатып ала тургандыгы билдирилди, - дейт trt.net.tr.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83