Кызгалдак Жакыпова 01-август 2019, 11:49
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 19-ноябрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койду.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу токтом кылынат:
»Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 232 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
— жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин курамында:
О. М. Панкратов курамдан чыгарылсын;
Муканбетов Санжар Турдукожоевич — Кыргыз Республикасынын экономика министри киргизилсин;
он экинчи абзацтагы «Замандаш» кыргызстандыктардын жана мекендештердин эл аралык конгресси» ассоциациясынын лидери» деген сөздөр «Замандаш» коомдук фондунун президенти» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!