Кызгалдак Жакыпова 04-август 2019, 12:19
Индиянын Тамил Наду аймагынын борбор шаары Ченнаиде жети жаштагы баланын астыңкы ээгине көмүлгөн 526 тиш чыгарылды.
Жергиликтүү басма сөздө чыккан кабарларга караганда үй бүлөсү Равиндранат аттуу баланы ээгинин оң жагындагы шишик менен эң жакын тиш дарыгерине алып барган.
Бул жерде Равиндранаттын ээги томографияга түшүрүлүп, чоң кичине болгон 526 тиштин астыңкы ээктеги шишик ичинде калгандыгы аныкталды.
Дарыгерлер беш саатка созулган операцияда Равиндранаттын ээгиндеги төрт жана үч сантиметрдик чоңдуктагы шишикти кесип ичиндеги тиштерди чыгарды.
Профессор Пратибха Рамани мындай окуянын көп болбогондугун, Равиндранаттын ээгинен чыгарылган тиштердин чоңдугунун 0,1 менен 15 миллиметрдин арасында экендигин белгиледи.
Мумбай шаарында да 2014 - жылы 17 жаштагы баланын үстүнкү жаагына көмүлгөн 232 тиш чыгарылган, деп trt.net.tr өз пикирин жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!