Кызгалдак Жакыпова 05-август 2019, 08:20
Түркиянын автожолу жана саламаттык сактоо тармагында эки мега долбоору ишке кирди.
Стамбул менен Измирдин ортосун 9 сааттан 3,5 саатка түшүргөн автожол менен Бурсадагы Түркиянын 10-Оорукана шаарчасы президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан ачылды.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн президент Режеп Таййип Эрдоган, автожолдун пландалгандан бир жыл мурда бүткөрүлгөнүн белгилеп: «Бүгүн тарых жазуудабыз, Стамбул менен Измирдин ортосундагы саякатты коопсуз, ылайыктуу абалга келтирүү менен бирге жолду да 100 чакырым кыскартуудабыз»,-деди.
Режеп Таййип Эрдоган, чыгымы 11 миллиард доллар болгон долбоордун Түркияга салымынын жылдык 3,5 миллиард доллар боло турганын да айтты.
Президент Эрдоган: «Стамбул менен Измирдин ортосундагы аралыкты 3,5 саатка түшүргөн бул долбоордун өлкөбүзгө пайдалуу болушун тилеймин», - деп trt.net.tr өз пикирин коомчулукка жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!