Кызгалдак Жакыпова 05-август 2019, 10:43
КР Өкмөтүнө караштуу МКК, “Инфоком” Мамлекеттик ишканасынын, КР Каржы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкерлерине жана башка адамдаргакарата жаңы үлгүдөгү паспортторду даярдоодо коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш-ишин тергөөдө. Айтылган кылмыш-иштин фигуранттарынын бири болгон КР Өкмөтүнө караштуу МКК мурунку башчысы А.Шаикова суракка жана башка тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн жиберилген чакырууга келген эмес.
Буга байланыштуу КР Башы Прокуратурасы А.Шаиковага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча кылмышка шектүү деген билдирмесин жөнөтүп, КР Жазык-процесстик кодексинин 239-беренесине ылайык А.Шаиковага издөө жарыяланып, аны ишке ашыруу КР УКМК ыкчам бөлүмүнө тапшырылды.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
КР УКМК Басма-сөз борбору, тел. 661455
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!