www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Августь айындагы эс алууга карата ай-жылдыздардын шыбыры

Кызгалдак Жакыпова 05-август 2019, 13:49

Коом


Августь айындагы эс алууга карата ай-жылдыздардын шыбыры

Бышыкчылык, көл жээк, жаратылыштын суктанарлык кооздугу, кербенчинин төөлөрүндөй чубашкан тоолордун койнундагы жайлоонун таза абасы, тунук суу, жайкалган көк шибер эс алуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк! Ошентсе да ар бир адамдын тандоосу ар башка эмеспи.

Убакытты кызыктуу жана пайдалуу өткөрүү үчүн жаңылыштык кетирип алуудан мурда жылдыздардын таасирин жана ар бир жылдыз өкүлүнүн табиятын эске алуу менен астрологиялык кеңешти назарыңыздарга коебуз.

Кой жылдызы. Эмгек өргүүдөгү башкы максат - кыймыл, динамика жана эс алуучу жайдын өзгөрүүсү. Тоого саякат, велосипед менен жарышка катышуу, теннис ойноо менен эс алат.  

Букачар жылдызы. Эс алуунун негизги критерийи - тынчтык жана гармония, дүйнө ашканасынын гастрономиялык үлгүлөрү менен өзүн кубантуу. Эч качан жакшы тааныш эмес топ менен эс алууга барбаңыз, ыңгайсыз болуп жатып көңүлүңүз чөгөт.

Эгиздер жылдызы. Сиз үчүн идеалдуу эс алуу мурда-кийин барып көрбөгөн жерде кызыктуу болот. Кошуна аймак же шаарчаны кыдыруу менен да таасирленесиз. Эгер сиз эски орун-жайларга дагы бир ирет барсаңыз да жаныңызда биринчи барып жаткан адам болсо эрикпейсиздер.

Бөйөн жылдызы. Сиз дачада же шаардын сыртындагы тынчтык өкүм сүргөн үйдө деле көңүлгө азык болгондой маанайда эс аласыз. Жакындарыңыз гана болсун. Бөлөкчө маанайды кааласаңыз, деңизге чумкуп, дарыянын агымына каршы сүзүңүз. Балыкчы болуу идеясы эң мыкты тандоо.

Арстан жылдызы. Арстан-адамдар активдүү жүрүштөгү эс алуу уюштура албай калса көңүлү толбойт. Көп адамдардын курчоосунда, көңүл борборунда көңүл ачуучу иш-чаралар менен өткөргөн күндөр таасир калтырат.  

Бийкеч жылдызы. Бул жылы үнөмдүү эсеп менен даамдуу жана пайдалуу эс алууга план түзүңүз. Санаторий, профилакторий, же ден соолукка кам көрүүчү жагдай жөнүндө сөз болот. Токой аралоо, карагай-чердин арасында болуу же башка поцедуралар да пайдалуу, сизди өзгөртөт.  

Тараза жылдызы. Маданий багыттагы иш-чаралар, дүкөн кыдыруу сизге максималдуу деңгээлде рахат тартуулайт. Андан көрө сиз менен ким барат деген суроонун жообун эрте чечип алган өтө маанилүү. Саякатка жан дүйнөң окшош адам менен бирге чык деп бекеринен айтылбаса керек.  

Чаян жылдызы. Эс алуу энергетикалык балансты теңдөө жана кыйын кезеңге күч топтоо эмеспи. Андай болсо, жан дүйнө каалаган жактырган жайды тандаңыз. Тоонун чокусуна чыгуу, капчыгайга бет алуу, же көл жээктеп басуу да сиздин маанайды жакшы кылат.

Жаачы жылдызы. Эскерүүлөрү унутулбай турган жер издеңиз. Эс алууну уюштурууда баасына басым жасабай, адаттан тышкары болушун көздөңүз. Ата журтка баруу, балалык өткөн жайды кыдыруу менен чарчаганыңыз жазылат. Эл көп жердеги ызы-чуу, шаан-шөкөт сизге пайда алып келбейт.  

Текечер жылдызы. Бул айдагы эс алуу майда-чүйдөсүнө чейин жакшы ойлонулган болуу керек. Жан дүйнөгө, денеге да пайда алып келе турган шартта эс алууну тандаңыз. Тарыхый жайлар да ашыкча эмес.  

Суупери жылдызы. Сиз күтүүсүздөн, кокустан жыйналып барып эс алып келгенде көпкө чарчабайсыз. Ички үнүңүздү жана маанайыңызды эсепке алыңыз. Эч нерсени алдын ала болжобоңуз.  

Балык жылдызы. Мүмкүн болсо сууга байланышкан жагдайда эс алуу болсо, эргүү да ошончо көп болот. Стихияңыз сизге жакшы маанай, эрк, кубат берет, рахаттанып жан дүйнөгө жыл бою жете тургандай азык топтоп кайтасыз.

Булак: СЫРДУУ ДҮЙНӨ


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83