Кызгалдак Жакыпова 06-август 2019, 10:38
Белгилүү журналист Элнура Кулуева учурдагы Ак үй тараптагы кадр саясатына карата пикирин билдирди.
Кадр саясаты аксамак тургай чолок болуп калды окшойт. Өлкөдө кадрдык кризис бар экенин өлкө башчысы моюнга алыш керек. Чынында чабал команда чалгы чаба албай жатышат. Чымын чаап олтура бербей иштеш керек го...
Жарактуу дегендердин баарынын эле жараксыз деген справкалары бар экени ..... минтип четинен чыга баштады. Өкмөт болсо Танабайдын Гулсаратындай өргө чыга албай ...муздала турган болуп турат. Күчүктөрүм, Кыргызстанда Кой-Таштан башка деле чоң маселелер бар. Жолборс терисин жамынып алып ...унчукпай олтура берген болбойт. Элди да эжигейдей эзбегиле! Жок дегенде Гүлзаттан мотивация алгылачы, деп жарыялады Элнура Кулуева.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!