www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ОшТУда калыстык бар, коррупция жок!

Кызгалдак Жакыпова 06-август 2019, 11:50

Коом


ОшТУда калыстык бар, коррупция жок!

Орто жана жогорку окуу жайларына талапкерлерди кабыл алуу өнөктүгү өлкөбүздүн бардык булуң-бурчунда абдан кызыды. ОшТУга кирип баратып, кубанычы койнуна батпаган майып кызга жолугуп, капыл-тапыл кепке тарттым.

-Аты-жөнүң ким?

-Меңдиайым Сүйүнбай кызы.

-Кечирип коесуз, сылтып басканыңызга караганда майып өңдөнөсүз?

-Ооба. Экинчи топтогу майыпмын.

-Сүйүнгөнүңүздөн улам окууга өткөн окшойсуз, ээ?

-Туура эле баамдапсыз. ОшТУга документтеримди тапшырган элем. ЖРТнын жыйынтыгында 117 балл алыпмын. Университеттин кабыл алуу комиссиясы дагы өзүнчө чакан сынак-баарлашуу уюштуруп, акырында мени бюджеттик
тайпага өткөрүштү.

-Чындык бар бекен?

-Албетте! Кыргызстандагы бардык ЖОЖдордой эле ОшТУда деле тааныш билишчилик жана жемкорлук күч деп ойлогомун. Көрсө, абдан катуу жаңылыпмын. Буерде - ОшТУда теңирден тескери-мыйзамсыз көрүнүштөргө таптакыр
жол беришкен жок!

-Меңдиайым, окууга го акыры өттүң. Эми үмүттү актаар бекенсиң?

-Ошентип, ОшТУнун колдонмо информатика адитигине бюджеттик негизде окуймун. Университетти толук кандуу билим алууга заманбап шарттар жаратылыптыр. Болочокто модельер-дизайнер боломун. Анан Кыргызстандагы жеңил өнөр жайын өнүктүргөнгө колумдан келишинче салым кошсом деген изги тилектемин, деп “Майдан. kg” гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83