Кызгалдак Жакыпова 06-август 2019, 13:37
Массалык маалымат каражаттарында, Интернет сайттарда жана социалдык тармактарда “Солтон-Сары” алтын кенинде болгон окуяга байланыштуу, коомдо улуттар аралык тирешүүгө алып келе турган видеоматериалдарды жайылтуу боюнча УКМК төмөндөгүлөрдү эскертет.
Айтылган видеоматериалдар коомчулуктун терс, кызуу реакциясын жаратып, жана ошондой эле инвесторлор менен «Zhong Ji Mining company» компаниясынын кызматкерлерине карата жергиликтүү калктын ортосунда улут аралык тирешүүсүнө себеп болушу мүмкүн.
Белгилей кетсек, мындай тенденция калктын нааразылыгын жаратып, каршылык акцияларына жана массалык башаламандыкка алып келүүчү жагдайларды жаратат.
Буга байланыштуу, КР УКМК жогорудагы коомдогу чыңалууну алып келүүчү мүнөздөгү мааламаттырды жана видеоматериалдарды жайылткан авторлого эскертүү берүү укугун колдоноорун билдирет.
КР УКМК Басма-сөз борбору, тел. 661455
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!