www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Акматалиев: «Солтон-Сары молдокелер айткан 3 жолу талак менен эле чечилбейт, 7 өлчөп, 1 кесиш керек»

Кызгалдак Жакыпова 06-август 2019, 20:10

Саясат


Алмазбек Акматалиев: «Солтон-Сары молдокелер айткан 3 жолу талак менен эле чечилбейт, 7 өлчөп, 1 кесиш керек»

Нарындагы Солтон-Сарыдагы ызы-чуудан кийин социалдык тармакта пикир жазбаган инсан калган жок. Ошол эле учурда бийликке ыктаган саясатчылардын пикирин аңдыгандарда болбой койгон жок. Саясатчылардын катарын толуктаган Алмазбек Акматалиевдин короосуна дагы таш ыргытылып, ыргытылган ташты Алмазбек Акматалиев тосуп алып, жооп берди.

--Фейсбуктагы көп достор жана анча дос эместер да Солтон-Сары боюнча менин пикириме кызыгып жатышат. Мен тоо кен тармагы боюнча адис болбосом да, өз пикиримди айтып коюууну туура таптым...

Солтон-Сарынын проблемасы бул Кумтөрдүн уландысы! Мамлекет, Өкмөт чечиш керек: бизге экономика керекпи, же экология керекпи! Баардык нерсе акча менен саналбайт, келечек деген бар, урпактар деген бар. Менин жеке пикирим: экология экономикадан миллион эсе артык! Буга чейин деле бир топ кендерди каспай эле, бүлдүрбөй эле кыргыз жашап келген! Ошол үчүн жанагы уран сыяктуу эле Жогорку Кеңеш кен байлыктарды АЧЫК ыкма менен казууга 50 жыл мораторий жарыялаш керек! 50 жылда жаңы технологиялар чыгаар, ошол келечек муун өзү чечип алсын! Дагы бир жолу кайталайм: ачык ыкмага! Шахта аркылуу кен касам десе, уруксат бериш керек!

Экинчиден: кен казууда акыркы продукцияны бөлүш керек Өкмөт инвестор менен. Мисалы: алтындын өзүн бөлүш керек, мисалы 70:30 өлчөмүндө! Ошондо, так жана ачык шарт түзүлөт!

Үчүнчүдөн: жергиликтүү эл ошол алтындын өзүнөн үлүшүн алыш керек, сом менен же доллар менен, атайын келишимдин негизинде. Башкача айтканда, ар бир жергиликтүү атуул ошол кен казуу мекемеге акционер болуп кириш керек, жана такай дивидент алып туруш керек. Ошондо ал айыл бут тоспой, тескерисинче кызыкдар болот!

Кыскача ушундай. Эми Солтон-Сары мурун эле башталган, азыр лицензияны жокко чыгарсак, анда эл аралык милдеттенме боюнча биз чыгым тартабыз! Эгер, ошол чыгымга чыдасак, инвестиция климаты бузулбайт десек, анда ошого барыш керек. Бирок, бул биздин молдокелер айткан 3 жолу талак менен эле чечилбейт, 7 өлчөп, 1 кесиш керек, деди Алмазбек Акматалиев.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83