Кызгалдак Жакыпова 07-август 2019, 13:10
Бул тууралуу “Азаттык” жазып чыкты. Алардын кабарчысынын айтымында, Солтон-Сарыда чогулган эл жол тосуу үчүн ылдый түшө баштаган. Бишкек-Торугарт унаа жолунун боюна, Кара-Чий айылынын тушуна сегиз боз үй тигилген.
Эскерте кетсек, Нарындын Солтон-Сары алтын кенин жабуу чыры 3-августта башталган. 5-августта, кытайлык «Jhong ji Mining» компаниясына нааразы болгон 700гө жакын адам ишти токтотууну талап кылып чыккан. Дал ошол күнү чыр чыгып, компаниянын 20 кызматкери жабыркап, Нарын облустук бириктирилген ооруканасына жаткырылган. Өкмөттөн вице-премьерлер кечээ барып, эл менен жолугуп сүйлөшкөнү менен жыйынтык болгон эмес, ар ким өз пикиринде калган. Чогулгандар тынч тараганы менен бүгүн жол тоскону калышты. Эл буга чейин качна жолу эскертип келишкен, “мал кырылды, балдарыбызга жара чыга баштады”, - деп. Аны бийлик укпай келген, аягында эл минтип толкуп токтоно албай жатат.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!