www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Юта штатынын студенттери Жогорку сотто болушту

Кызгалдак Жакыпова 07-август 2019, 16:57

Коом


Юта штатынын студенттери Жогорку сотто болушту

Бүгүн, 2019-жылдын 7-августунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Нургуль Асанова Юта Өрөөнүнүн университетинин студенттери менен жолугушту.

Жолугушууга аталган окуу жайдын Психология жана Социология Департаментинин профессору Линн Ингланд, университеттин Тарых жана Саясий илимдер Департаментинин окутуучусу Бактыбек Абдрисаев жана окуу жайдын студенттери катышышты.

Н. Асанова Кыргызстандын сот системасы жана анын Борбор Азия өлкөлөрүнөн айырмасын айтып берди. Сот тутумунда жүргүзүлүп жаткан реформалар, Жогорку соттун структурасы жана сот тутумунун ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди.

Юта штатынын студенттери Кыргызстанда сотторго болгон ишеним кандай болуп жатканын, элдин ишенимин арттыруу боюнча жүргүзүп жаткан аракеттер, сот арачыларынын ролу туурасында кызыгып сурашты.

Окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамы Кыргыз Республикасынын Жогорку соту студенттерди кабыл алып, бардык кызыктырган суроолорго жооптор берилгендигин айтышып, ыраазычылыктарын билдиришти.

Белгилей кетүүчү жагдай, Юта Өрөөнүнүн Университети Юта штатындагы Орем шаарында жайгашкан. Аталган окуу жайда 40 миңге жакын студент билим алат.

Верховного суда Кыргызской Республики
г. Бишкек, ул. Абдымомунова, 205
Tel.: (+996 312)  66-32-05
        

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83