Кызгалдак Жакыпова 07-август 2019, 23:16
Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов:
- Мүнөт сайын абал курчуп баратат. Парламент эртең чукул жыйынга чогулушу керек. Солтон-Сарыдагы абалды, Кой-Таштагы жарадар болгон жарандардын абалын талкуулаш керек. Төрагага кайрылып, эртең чогулуш керек. Керек болсо, президент, өкмөт чогулуш керек, - деди «Азаттыкка»
Ушул тапта эки тарап кагылышууда. Электр жарыктары жана интернет өчүрүлдү.
УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастады.
УКМКнын атайын дайындалган күчтөрү тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатат. Операция маалында атайын багыттагы аскерлер тарабынан согуштук курал колдонулган жок. Жоокерлер желим октор менен гана жабдылган. Учурда операция уланып жатат”, - деди УКМК.
Эске сала кетсек, ИИМ Атамбаевди 8-июлдан бери Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулганына байланыштуу үч жолу күбө катары суракка чакырган. Атамбаев суракка баруудан баш тарткан.
27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!