Кызгалдак Жакыпова 07-август 2019, 23:52
Так ушул таптарда Кылычбек Султан “Апрель” телеканалына маек берип, Кылычбек Султан Кой-Таштагы катардагы жарандар куралданганын тастыктады.
--Бийлик эл менен диологго барып ызы-чууну токтотуш керек. Кан төгүлдү. Кой-Таштагы элдер дагы куралданган, деп билдирди.
УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастады.
УКМКнын атайын дайындалган күчтөрү тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатат. Операция маалында атайын багыттагы аскерлер тарабынан согуштук курал колдонулган жок. Жоокерлер желим октор менен гана жабдылган. Учурда операция уланып жатат”, - деди УКМК.
Маалыматтарга таянсак онго жакын жарандар жаралган, алардын ичинде аскерлер дагы бар.
Эске сала кетсек, ИИМ Атамбаевди 8-июлдан бери Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулганына байланыштуу үч жолу күбө катары суракка чакырган. Атамбаев суракка баруудан баш тарткан.
27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!