Кызгалдак Жакыпова 08-август 2019, 01:40
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармоо операциясы жүрүп жаткан жерге Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов барды. Курсан Асановдун Равшан Жээнбековго, «Равшан, сен өзүң айтып жүргөнсүңбаары мыйзам чегинде болуш керек» деп айтты.
Учурда Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн жанындагы жолду торолгон. Укук коргоо органдарынан эл басымдуулук кылат. Тилекке каршы атайын бөлүктүн аскери октон каза тапса, дагы 36 дан ашуун киши жарадар болгон.
Тасмалардан Атамбаевдин короосундагы адамдардан курал көрүүгө болот. Ошондой эле Кылычбек Султан Кой-Таштагы короодогу жүргөн адамдарда курал бар экендигин тастыктады.
УКМК мындан бир нече саат мурун дагы УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастап, “УКМКнын атайын дайындалган күчтөрү тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатат. Операция маалында атайын багыттагы аскерлер тарабынан согуштук курал колдонулган жок. Жоокерлер желим октор менен гана жабдылган. Учурда операция уланып жатат”, - деп билдирген эле.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!