www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Солтон - Сарыда Аскар Салымбеков менен Аманбай Кайыповдун үлүштөрү барбы?

Кызгалдак Жакыпова 08-август 2019, 12:27

Саясат


Солтон - Сарыда Аскар Салымбеков менен Аманбай Кайыповдун үлүштөрү барбы?

Солтон-Сары кениндеги «Zhong Ji Company» Кыгай тоо-кен компаниясынын ишмердүүлүгү токтоду.

Кайсы убакытка чейин экени азырынча маалым эмес. Жүзү кургурдуку десе, азыр бу компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу, анын аки - чүкүсүн ар тараптан изилдөөлөр башталып турган кези. Кытайга олчойгон карызыбыз бар. Бу жагынан алып караганда, кыргыз бийлиги күнкарама болуп турган чагы. Бийликтин алты айласы кетип турат. «Өйдө тартса өгүз өлөт, ылдый тартса араба сынат» кейпин кийип, бир чети эдди ойлоп, экинчиси, Кытай мамлекетин ойлоп. Эмнеге Кытай?

Карыздан тышкары жакында эле өткөн ШОСтун толук чыгымын көтөргөнү тууралуу да айтылып кетти. Орой алганда, «эки оору бир келсе ажалыңдын жеткени, эки доочу бир келсе амалыңдын кеткени» дегендей түр калтыргансыйт. Эми «мунуда чечип, бир балээ кыл» деп Орусия президенти Путинге жалдырайбызбы?

Бул жакта турган карапайым эл сарсанаа болуп убайым тарта баштады. Анысы ал, «калк айтса калп айтпайт» дейт эмеспи. Ошол Солтон - Сарыдагы «Zhong Ji Company» Кыгай тоо-кен компаниясында «Дордой» ассоциациясынын башчысы Аскар Салымбеков менен «контролёр» атка конгон губернатор Аманбай Кайыповдун үлүштөрү барбы?

Бул суроонун жандырмагын биле албай жергиликтүү эл уу-дуу боло баштады. Көпчүлүк да түшүнбөй турган чагы. Эми биз Аскар менен Аманбай мырзаларга собол таштадык. Эл аныгын билсин да, деп "АЗИЯnews" гезити коомчулукка пикирин жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg  


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83