www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сындан башы чыкпаган Жеңиш Разаковго элдин тагдырын тапшыруу өтө кооптуу

Кызгалдак Жакыпова 08-август 2019, 13:18

Саясат


Сындан башы чыкпаган Жеңиш Разаковго элдин тагдырын тапшыруу өтө кооптуу

Күч түзүмдөрүн тейлеген вице-премьер-министр Жеңиш Разаков маселе чечип жүргөнсүп, Кытай элчиси менен жолугушуу кылганын өкмөттөн жарыялашкан.

Көп өтпөй Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги Солтон-Сары кениндеги окуя боюнча билдирүү таратышты. Анда кытайлык компаниянын кызматкерлерине олуттуу залал келгени, экономикалык жактан арбын жоготууларга учураганы, о.э. жаңжалды кылдат иликтөөнү, күнөөлүүлөрдүн катаал жазага тартылышын талап кылышкан.

Алардын версиясы боюнча, чогулган жергиликтүүлөр комнанияга мыйзамсыз түрдө кирип келишип, жумушчуларды ур-токмокко алышыптыр. Мындай шартта кытайлык ишкананын укугу корголушу керектигин, коопсуздук камсыздалышын жана жарат алгандарга медициналык жардам көрсөтүлүшүн баса белгилешет.

Кыскасы, күнөөнү өкмөткө ачык эле оодаруу менен зыкылдатып койду го?!

Ал эми Солтон-Сарыдагы кенди иштетүүдө экологиялык эрежелер сакталбаганы, малдын кырылганы, жергиликтүү тургундардын ооруганы эмнеге айтылбайт? Ооба, кандай гана жаңжал болбосун, эч убакта бир гана тарабынан кетпейт. Эки жакта тең, кемчиликтер болот. Мына ошондой шартты дыкат талдап, Жеңиш Разаков да карапайым калктын таламын талашып, алгылыктуу сөз айтып чыктыбы? Кайдан?

Бул эргул кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкканда да барып, аялдардын таландысында калып, «кулагын жапыра» качып кеткенин көргөнбүз да. Кайсы гана кызматты  аркалабасын, Разаков «эт менен челдин» ортосунда жүргөндөй болуп, дайыма сын угуп, бир изгилигин көрсөтө элек го? Анан ушундай кадрдын колуна элдин тагдырын кантип берип атабыз? Өтө өкүнүчтүү!, деп "АЗИЯnews" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83