www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз сессиясы башталды

Кызгалдак Жакыпова 08-август 2019, 14:19

Саясат


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз сессиясы башталды

Бүгүн, 8-августта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз сессиясы башталды. Бул тууралуу ЖК Басма-сөз кызматы билдирди. 

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы КР Конституциясынын 77-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна жана 34-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Жогорку Кеңешти кезексиз сессияга чакырган.

Аны менен бирге эле "Бир Бол" парламенттик фракциясы Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды талкуулоо үчүн фракция жыйынын өткөрдү. Натыйжада Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйынын тез арада өткөрүү жөнүндө Жогорку Кеңештин Төрагасы Джумабеков Дастанбек Артисбековичке кайрылуу жолдоду.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83