Кызгалдак Жакыпова 09-август 2019, 15:02
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) саясатчы Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертти.
Учурда Өмурбек бабановдун тарапташтары "Манас" эл аралык аэропортунда күтүшүүдө. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз Маадан Таалайбек билдирди.
Эске сала кетсек, Өмүрбек Бабанов Кыргызстандагы акыркы саясий кырдаалга байланыштуу Бишкекке учуп келүүнү кабарлап, кыргыз элине Кайрылуу жасаган.
Буга чейин дагы Бабанов түйүнчөгүн түйүп, Кыргызстанга жөнөп, кайра артка кайткан. Ал, 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен.
Бабановго эки кылмыш иши козголгондугун УКМК ырастады.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!