www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соолуктап кете турган Соң- Көлдү Өзбекстандын пахтасынан сактап калган Усубалиев

Кызгалдак Жакыпова 09-август 2019, 15:41

Коом


Соолуктап кете турган Соң- Көлдү Өзбекстандын пахтасынан сактап калган Усубалиев

Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев тууралуу толук метраждуу даректүү тасма тартылууда. Ишмер бул же тигил объектти эмес, бүтүндөй Кыргызстанды курган улуу инсандардын бири. Соолуктап кете турган Соң- Көлдү Өзбекстандын пахтасынан сактап калган.

Даректүү тасманын режиссеру Кыргыз Республикасынын Эл артисти Молдосейит Мамбетакунов тартуу иштери эми аймактарда уланарын айтты. Алгач чыгармачыл топ аксакалдын балалык чагы өткөн Нарын облусунун Кочкор районуна сапар алат.

Тасма толук тартылып бүткөндөн кийин монтаждоо иштери башталат. Ал эми анын бет ачары ноябрь айынын башына туура келээри болжолдонууда. Эске салсак, быйыл Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиев 100 жашка чыкмак. Президенттин жарлыгына ылайык Усубалиевдин 100 жылдык мааракеси белгиленет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83