Кызгалдак Жакыпова 09-август 2019, 16:27
«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Бишкекке Москвадан учуп келди. Аны аэропорттон жүздөгөн тарапкери сүрөп тосуп алды.
Чогулгандардын алдына чыгып сүйлөгөн кыска сөзүндө ал баарына ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга тынчтык керек экенин айтты.
- Мени эч ким тосуп текшерген жок. Мен дайыма мыйзам жолунда жүрөм, - деген Бабанов Бишкекке жөнөп кетти.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе мыйзам чегинде жоопко тартыларын 8-августта эскерткен.
Ал 2017-жылдагы шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон. Шайлоодон кийин Москвага кеткен.
УКМКнын маалыматына караганда, ага эки кылмыш иши козголгон. Биринчиси «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган, деп Азаттык жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!