www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын өкүлү Кыргызстандагы кырдаал тууралуу пикирин билдирди

Кызгалдак Жакыпова 09-август 2019, 20:18

Саясат


АКШнын өкүлү Кыргызстандагы кырдаал тууралуу пикирин билдирди

АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия маселелери боюнча жардамчысынын милдетин аткаруучусу Элис Уэллс Кыргыз Республикасындагы кырдаал тууралуу пикирин билдирди. Анда Уэллс айым бардык тараптарды тынчтыкты орнотууда Кыргызстандын Конституциясына жана демократиялык салтына ылайык иш алып барууга үндөгөн.

«Кыргызстандагы акыркы окуялар боюнча, биз шайланган демократиялык институттарга жана мыйзамдын үстөмдүгүн карманууга туруктуу колдообузду билдире турганыбызды баса белгилеп кетебиз. Бардык тараптарды тынчтыкты орнотууда Кыргызстандын Конституциясына жана демократиялык салтына ылайык иш алып барууга үндөйбүз», деп айтылат Элис Уэллс​тин билдирүүсүндө.

8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Ал 26-августка чейин камакка алынды.

Бүгүн, 9-августта Кой-Таштагы окуяга байланыштуу Атамбаевдин айрым тарапташтары жана КСДПнын мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова күбө катары суракка чыкырылды. Аталган партиянын төрайымынын орун басары Фарид Ниязов 48 саатка камалды. Анын бөгөт чарасы ишемби күнү каралат, деп Азаттык жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83