Кызгалдак Жакыпова 10-август 2019, 12:44
Жөнөкөй адамдар үй салганга 4 сотых жер ала албай жүргөндө, Арашан айылында Атамбаевге таандык бир нече жер тилкелери бар экени ачыка чыкты.
Жалпы аянты 5000 гектар жерди түзөт! 5000 гектар!!
Эми элестеткиле, жер аянтынын чоңдугун түшүнүү үчүн Бишкек шаары менен салыштырууга тура келет. Мисалы борбор калаа 16 миң гектар жерде турат. Ал эми Атамбаевдин жери Бишкектин үчтөн бир бөлүгүн ээлеп жатат. Акча жок баламдын үйүн саттым деп байкуш болуп аткан Атамбаевде мындай эбегейсиз байлык кайдан жана качан пайда болгон? Андан да Атамбаев бул жер аянтын декларацияда көргөзгөн эмес. Тийиштүү органдар тез арада бул факты боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп Атамбаевдин уурулугун аныктап чыгуулары керек, деп "КабарИнфо" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялган.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!