www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

Кызгалдак Жакыпова 11-август 2019, 11:05

Расмий кабарлар


Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Кыргыз жана өзбек элдеринин өзгөчө кубаныч менен тоскон, кылымдардан берки келе жаткан жаркын Курман айт майрамына байланыштуу Сизге өзүмдүн чын жүрөгүмдөн чыккан куттуктоолорумду жана жакшы каалоо-тилектеримди багыштоо мен үчүн ырахат алып келет.

Жакында Бишкек шаарындагы биздин ачык жана достук маанайдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Сиз тараптан айтылган эки тараптуу кызматташуунун бардык тармактарын тездетилген темпте мындан ары өнүктүрүү зарылдыгы жөнүндө сунуштарды толугу менен колдоп, кубаттайм.

Кылымдар бою сындан өткөн тарыхый, диний жана маданий жалпылаштыкка, жакшы коңшулаштык, өз ара ишеним жана урмат-сыйга негизделген стратегиялык өнөктөштүк биздин жалпы аракеттерибиз менен мындан да жогору деңгээлге чыгат деп ишенем.

Бул жарык жана ыйык күндөрү Алла-Талаадан суранарым, Сизге узун өмүр, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакты-таалай, жооптуу мамлекеттик ишмердикте жаңы ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын боордош элине тынчтык, прогресс жана гүлдөп өнүгүүнү ыроолосун», — деп айтылат Шавкат Мирзиёевдин куттуктоо телеграмамында.

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83