Кызгалдак Жакыпова 11-август 2019, 11:06
Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады.
«Курман айт майрамына (Ид Аль — Адха Аль — Мубарак) байланыштуу менин чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана эң жакшы каалоо-тилектеримди кабыл алып коюңуз.
Илгертен тынчтык, биримдик, боорукерлик жана кайрымдуулук сыяктуу түбөлүктүү адамдык баалуулуктарды даңазалаган ыйык майрам бүт мусулман калкынын арасында өз ара түшүнүшүү жана ынтымакты бекемдөөгө көмөктөшөт деп үмүттөнөм.
Ушул жарык күндөрү улуу Алла-Талааны Сизге бекем ден соолук, бакыт жана бардык жакшы иштер менен баштоолордо ийгилик, ал эми Кыргызстандын боордош элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүүнү ыроолосун деп суранам», — деп белгиленет Түркмөнстандын Президентинин куттуктоо телеграмамында.
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!