Кызгалдак Жакыпова 13-август 2019, 09:06
Бабанов 2011-2012-жылдары премьер-министр болгон. Анын кол алдында “Республика” фракциясын жетектеген Канат Исаев дегени Бабановдун артын чукулап жүрүп, Бабановго ор казышкан Өмүрбек Текебаев, Камчы Ташиевдер менен биригип аргымагы менен кошо өкмөт башчыдан оодарып салышат. Тагдырдын жазмышыбы же саясатчыларда бет жокпу ушул саясатчылардын бары Бабанов өкмөттөн түшкөн соң бири тандем түзсө, бири партия түзүп, бири колдоп, уялышпай биригип жүрүштү.
Бабанов Бас-Бөлтөктөгү бок-сактан арылмайын иши илгерилебейт дешет, анткени ал 2012-жылы өкмөт башчыдан түшкөндө жакшы үмүт менен Бас-Бөлтөккө кыргыздын туусун орнотуп кеткен. Жети жылдан бери кароосуз калган бул Туу турган жердин айланасы ары-бери өткөндөр үчүн туалетке айланган. Ыйык Тууну айланасындагы бок-сактан арылмайын Бабановго жакшылык келбесе керек. Же ар бир премьер-министр кызматтан түшөрү менен Туу орнотуп айланасын гүлзарга эмес, бок-сакка айлантсынбы?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!