www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акундун Атамбаевге боору оорудубу?

Кызгалдак Жакыпова 20-август 2019, 09:47

Саясат


Акундун Атамбаевге боору оорудубу?

Батукаев чырына байланыштуу мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун дагы жоопкерчилиги каралып, ал дагы бул иштер боюнча сотко чакыртылып жаткан болчу.

Белгилей кетсек буга чейин Турсунбек Акун Батукаевдин бошотулушуна салым бар делип, ал турсун алардын жакындарынан 100 миң доллар сый акча алган деп айтылып келген. Бул кинелер мурдагы Президент Атамбаев тараптан дагы айтылган болчу. Акун мунун баары жалган экенин айтып Атамбаевди сотко берген. Учурда Атамбаев абакта жатат. Ошондон уламбы же эски "досуна" жаны ачыдыбы, айтор Атамбаевге карата 100 миң сомдук доо арызын кайтарып алмакчы болду.

Акун бул кадамга барганынын башкы себебин Алмазбек Атамбаев камакта экендиги менен түшүндүрүп, ага өтө оор делген беренелер боюнча айып тагылганын, мындан улам, мурунку президент кылган иштерине жооп берээри менен түшүндүрдү.

«Мындан улам, жарандык тартипте аны менен жалган жалаа боюнча соттошкондун мааниси жок. Ал мени 100 миң доллар пара алган деп айткандары жалган. Жакында муну далилдешет», - деген Турсунбек Акун. Ал эми «Апрель» телеканалы менен журналист Канат Каниметовго карата 500 миң сомдук доо-арызын кайтарып албастыгын айтты, - дейт "Факты.kg" гезити.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83