www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутаттык мөөнөттү экиден ашырбайлы!

Кызгалдак Жакыпова 04-сентябрь 2019, 11:30

Саясат


Депутаттык мөөнөттү экиден ашырбайлы!

Депутаттыкты ар кандай жолдор менен көп жылдар бою кесип кылып алгандар жана супарасы курук болгону үчүн багы ачылбаган татыктуулар тууралуу эки ооз сөз.

Кийинки жылдары өлкөнүн жогорку бийлик органы болуп саналган Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө, депутаттардын дарегине эл тарабынан ар кандай сын айтылып келгени бекеринен эмес. Буга ошол сын-пикирлерден тиешелүү жыйынтык чыгарып, өнүгүүгө кедерги болгон шайлоо системасындагы кемчиликтерден арылыш үчүн саясий реформаларды чечкиндүү жүргүзө турган убакыт эчак өтүп кеткени жана дале болсо ага олутгуу маани берилбей жатканы себеп.

Шайлоо жөнүндөгү мыйзам депутаттыкты ар кандай жол менен көп жылдар бою кесип кылып алууга жөндөмдүү адамдар үчүн жазылып, азыркы система ошолор үчүн эле түзүлүп калгандай. Буга нааразы болгон эл ошол көөнө системаны кулатуунун жолун таба албай убара. Анткени ал системанын артында, жогоруда айтылгандай, депутаттыкты ар кандай жолдор менен кесип кылып жүрө берүүгө материалдык чама-чаркы ашып-ташкан азаматтар турат.

Алар азыркы шайлоо мыйзамын, өнүгүүнү артка тарткан системаны өзгөртүүнү каалашпайт. Эмне себептен каалабаганын кайталап айтып отуруунун кажети жок, аны элдин баары беш колдой билип турат. Депутаттык корпус улам тазаланып, улам жаңыланып турмайынча парламентаризм эч качан өнүкпөйт. Биздин өлкөдө аны өркүндөтүүнүн жолдорунун бири - бул ар бир чакырылышта улам депутат болуп шайлана берүүгө, депутаттыкты көп жылдар бою кесип кылып алууга мындан ары жол бербөө, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо мыйзамына "Кыргыз Республикасынын ар бир жараны Жогорку Кеңешке эки жолу гана шайлана алат" деген укуктук норманы киргизүү болуп саналат.

Президенттикке шайланууда да мындай укуктук норма бар, эмне үчүн депутаттыкка ушундай укуктук норма киргизүүгө болбосун? Бул укуктук норма киргенден кийин депутаттыкты көп жылдар бою ар кандай айла-амал менен кесип кылып алгысы келгендер шайлоого катыша албай калат. Мына ошондо парламентке самандай сапыра турган акчасы жок болгону менен, элге татыктуу кызмат кыла турган жаңы кадрлардын шайланып келишине шарт түзүлөт.

Парламентгин аброю ошондо көтөрүлүп, элдин ишеними артат. Акча чачпай шайланган ал депутаттар байлыгын, бизнесин коргоо менен эмес, өлкөнү өнүктүрүү, элдин жыргалчылыгын жогорулатуу, мыкты мыйзамдарды иштеп чыгуу менен алек болот, саясий жаңжалдарга, ыплас интригаларга аралашпайт, жогору жактын буйругуна карап иштебейт деген үмүт бар.

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо мыйзамына эки жолу гана шайлануу тууралуу укуктук норма киргизилип, депутаттык кол тийбестикке бөгөт коюлганда адилеттик орнойт, анын шарапаты менен өлкө парламенттик таза жана сапаттуу корпуска ээ болот.

Бирок албетте, ачыгын айтыш керек - жогоруда айтылган укуктук норма бардык эле бийлик бутактарынын кызыкчылыгына туура келейт. Бул абдан татаал, оңой менен ишке ашпай турган маселе. Себеби, жогорку бийликте турган адамдарга өтө чоң ыңгайсыздык жаратат. Натыйжада саясий спектаклдер коюлбай калат, депутаттарды ар кандай интригаларга пайдалануу сыяктуу оюндар бара-бара ооздукталат. Ошондуктан бул саясий реформа жарандык коом, парламентаризмдин өркүндөшүнө күйгөн активисттер, өкмөттүк эмес уюмдар, жалындуу жаштар, Жогорку Кеңешке улам-улам депутат болуп шайлануучуларга азгырылган жана ошого жол берип келген карапайым эл өзү мурдагы адатынан кайтып колдоого алганда гана ишке ашуусу мүмкүн.

Сунуш кылынган укуктук норма өлкөдөгү бардык саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө, кызыкчылыктарына да чоң таасир этет. Алар илгертен калыптанып калган адаттарынан - колунда жок татыктууларды эмес, көбүнесе акчалууларды өзүлөрүнө тартуу ооруусунан арылууга, партиянын багытын демократиялуулукка, элге ак кызмат кылуу миссиясына бурууга аргасыз болот.

Кала берсе өлкөдөгү жүздөп саналган партиялардын катары кескин азайып, атына заты жарашкан чыныгы партиялар гана калат. Бул партиялар "шайлоого кимден кантип акча топтойт экенбиз" деп, мурдагыдай баштарын оорутпай калары шексиз. Айтор өлкөдө чоң саясий реформа башталып, жаңыланууга кенен жол ачылар эле.

"Системаны өзгөртөм, өлкөнү башкарууга жана өнүктүрүүгө салым кошом, шайлоодо добушумду акчасын самандай сапыргандарга эмес, супарасы курук болгон менен аты да, заты да улук инсандарга берем" - деген мекендештер ортого салынган бул олуттуу маселеге өзүлөрүнүн калыс пикирин айтып чыгат болушу керек.

Мирзохилим Каримов, журналист

Булак: Майдан.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83