www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Санариптештирүү: Соттордо ийгиликтүү ишке киргизилип жатат

Кызгалдак Жакыпова 07-сентябрь 2019, 09:30

Саясат


Санариптештирүү:  Соттордо  ийгиликтүү ишке киргизилип жатат

Үстүбүздөгү  2019-жыл  өлкө башчысы тарабынан «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыяланган. Санариптештирүү бир гана экономика, бизнес, калктын  калың катмарын гана эмес,  сот тутумун дагы өзүнө  камтый тургандыгы анык. Бул багытта сот тутуму дагы четте турбай, сот өндүрүшүн толугу менен  электрондоштурууга бел байлады. Санариптештирүү  бардык сот  коомчулугуна жана соттордун бардык инстанцияларга таасирин тийгизе тургандыгы белгилүү.  Андыктан,  сот тутуму тездик менен болуп жаткан  өзгөрүүлөрдөн артта калбашы керек.   

2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин ченемдерин, “2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү” Мамлекеттик максаттуу программасын ишке ашыруу максатында жана ошондой эле сот системасын ачык- айкындуулук менен камсыз кылуу үчүн,  бүгүнкү  күндө сот жыйынын жүрүшүн аудио-видео жаздырууну камсыздоо иштери жүрүп жатат. Аталган система сотто катышуучулар тарабынан болгон бузууларды гана азайтпастан, күбөлөр менен шектүүлөрдү алыстан суракка алууга, аларды ташып келүүдөгү чыгымдарды азайтууга, жана сот өндүрүшүнүн ыкчам, жеткиликтүү жана ыңгайлуу болуусуна мүмкүнчүлүк берет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  алдындагы Сот департаментинин маалыматына таянсак,  республика боюнча  72 жергиликтүү соттор, 160 тан ашык  сот жыйындар залы болсо,  анын ичинен  80 ге жакын   сот жыйындар залында аудио жана видео жаздыруу системасы орнотулган.

Ушул жылдын аягына чейин Кыргызстандын ар бир сотторунда видеоконференция системасы ишке киргизилгени турат. Эми ар бир сотто республиканын  башка  жергиликтүү соттору жана жаза аткаруу мекемелери  менен байланыштыра турган  атайын жабдыктар орнотулган  залдар жасалып, онлайн режиминде  процесстерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Айыпталып жаткан адамды сотко алып келбей эле убактылуу кармоочу жайдан, ал эми  күбөлөрдү жана эксперттерди башка аймактардан чакыртып отурбай эле аралыктан  видеоконференция аркылуу суракка алууга болот. Бул өз кезегинде  соттук иштерди  кароонун  тездетилишин  көбөйтүп,   жарандар үчүн сот өндүрүшүнүн  ыңгайлуулугу жана  жеткиликтүүлүгүн жогорулатат. 

Мындан тышкары, иштерди электрондук каттоо жана электрондук учеттук –статистикалык карталарды түзүү- соттун автоматташтырылган маалыматтык системасы (АМС), сот системасындагы соттордун ишинин натыйжалуулугун жана сапатын, сот  системасындагы процесстердин ачык-айкындыгын жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Бул система  сотко арыз берген учурдан баштап,  анын ичинде бардык материалдарды, сот отурумундагы процесстик документтерди жана иш боюнча кабыл алынган соттук актыларды “электрондук ишти” түзүүнү карайт.

Белгилүү болгондой,  автоматташтырылган  маалымат системасы алгач 3 пилоттук сотто:  Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда, Бишкек шаарынын райондор аралык  жана Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотторунда киргизилген болчу. Учурда  автоматташтырылган маалымат системасы программасынын каттоо модулу  республикадагы биринчи инстанциядагы бардык сотторго киргизилди.

Электрондук сот өндүрүшү сот адилеттигин  жүзөгө ашырууга, мыйзамда каралган мөөнөттө ишти чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, бюрократиялык көрүнүштөрдү жоёт жана коррупцияга  бөгөт  коюлуп,  сот  системасынын ачык-айкындуулугун жүзөгө ашырат. Сот өндүрүшүнө катышкан тараптардын байланышын чектеп, жыйынтыгында соттордун ишинин натыйжалуулугу жогорулайт.

Дагы бир артыкчылык катары  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда ишти атвоматтык бөлүштүрүү системасы ийгиликтүү колдонулуп жаткандыгын белгилей кетүү керек.  Бул системаны   сот өндүрүшүндө  колдонуу, сотко иш кабыл алынган күндөн баштап аны бөлүштүрүү, сот жараянын дайындоо, материалдар канцелярияга тапшырылганга чейинки процедуралардын баары ачык-айкын катталып, соттордун өзүн-өзү көзөмөлдөөсүн камсыз кылып турат. Бул жерде ишти мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөтүндө кароо негизсиз жылдырылса же сот жараяны атайылап создуктурулса, анда анын чыныгы себептери көрүнүп калат. Бул жерде соттук иштер соттордун адистешүүсүнө жараша баарына бирдей, туура бөлүштүрүлүшү да маанилүү.

Жаңы  санариптик технологияларды колдонуу  жарандардын  конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин эффективдүү коргоо үчүн  жагымдуу шарттарды түзүп, сот адилеттигине жетишүүдөгү ачык –айкындуулукту  камсыздап,  судьялардын арасында коррупциянын болушун азайтып,  соттордун ишти кароосун  тездетет.  Сот тутумун реформалоонун  алкагында жүргүзүлүп жаткан мындай иштер, өз жемишин берет деген терең ишеним бар. 

Төмөндө сот реформасынын алкагында жүргүзүлүп жаткан санариптештирүү иштери Чүй облусунун Кемин, Жайыл райондук сотторунда, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Сузак райондук сотторунда кандай  ишке ашып жаткандыгы туурасында сюжеттерди сунуш кылабыз. 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83