www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аялдардын эсебинен жашаган эркектер же альфонстор кандай болушат?

Кызгалдак Жакыпова 09-сентябрь 2019, 08:33

Коом


Аялдардын эсебинен жашаган эркектер же альфонстор кандай болушат?

Бул оош-кыйыш жашоодо эл өз нанын таап жеп, үй-бүлөсүнүн камын ойлоо максатында тынбай иштеп жүрөт.

Анткени, жашоо эмгекчилдерди сүйөт. Ал эми эмгекти сүйбөй, башканын эсебинен күн көрүп жүргөн колу-буту соо эркектерди башкалардан кантип ажыратууга болорун сиз билесизби?

Билбесеңиз, мындай адамдарды бирге аныктайлы. Бирөөнүн эсебинен күн кечкендерди кыргызда “арам тамак” же “жатып ичер” деп айтып коюшат. Мындан тышкары, башканын эсеби менен жашагандар дагы кандай болушат?

Алар “Эмгектин наны таттуу” деген макалды түшүнүшпөйт. Түшүнгүсү да келбейт.

Алар башканын маңдай тери менен тапкан акысын бөлүшүүдөн уялбайт. Анткени, алар үчүн мунун эч кандай уят жери жок.

Алар үй-бүлө курууга ашыкпайт. Курган күндө да аялынын акча таап, өзүнүн үйдө колуна пульт кармап жатканын кыялданышат.

Алар бирөөнүн муздаткычын ачып, каалаган убакта каалаган тамагын жегенден, “бүгүн кандай тамак” деп казандын бетин ачып карагандан тартынбайт.

Мындай адамдар башканын буюмун өзүнүкүндөй көрүшөт. Алар үчүн бирөөнүн жеке буюмун пайдалануу маселе эмес.

Алар чөнтөгүндө акчасы турса да, өздөрүн акчасы жоктой алып отура беришет.

Алар бирөөнүн жасаган жакшылыгын каалаган убакта унутуп кете беришет. Башканын эсебинен жашап жүргөнү өзүнө билинбейт.

Алар колуна акча тийген учурда жоголуп кетишет да, баарын коротуп болгон соң гана пайда болушат.

Алар келечегин ойлошпойт. Бүгүнкү күнү менен гана жашашат.

Булак: Медиаплов


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83