www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көңдөй челекти элестеткен Ширин Айтматова

Кызгалдак Жакыпова 12-сентябрь 2019, 11:04

Саясат


Көңдөй челекти элестеткен Ширин Айтматова

Жарашса-жарашпаса да Ширин Айтматова соңку кездерде адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту жана коррупцияга каршы күрөшүүнү оозанып, спектакль коюп аткандай эле кубулат.

Анан калса, абройлуу адамдарга асылып, сындап, өзүн пиар кылганды адатка айландырып бараткандай. Деги мындан канчалык деңгээлдеги мыйзамдуулукту көрсөк болот?

Эң оболу, элге күйүп, патриот болуу үчүн ириде эне тилинди аздектөө менен сүйлөш керек да.

Тилекке каршы, Ширин Айтматова кыргыз тилин дайыма жерип келгени, орусча гана сүйлөгөнү кандай? Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы атуулдук, улутчулдук сезимин көрсөтө албаса, анда кайсы дымагына тыңсынат? Мекенди сүйүү эне тилди урматтагандан башталат эмеспи.

Эске салсак, мурдагы чакырылышта Ширинка беш жыл депутат болуп жүрүп, эмнени кыйратты эле? Уйку-соонун ортосунда жүргөнү жалганбы? Ток этерине келсек, көңдөй челекти чапсаң үнү катуу чыккан сымал, Айтматованын да «айкырыгы» ачуу угула баштады. Түпкүлүгүндө маанисиз. Бул тууралуу "АЗИЯnews" гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83