www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бабанов дух алып, "камалбайм" деп коркпой калыптыр

Кызгалдак Жакыпова 12-сентябрь 2019, 11:34

Саясат


Бабанов дух алып, "камалбайм" деп коркпой калыптыр

Үстүнөн сегиз кылмыш иши козголгон Өмүрбек Бабанов башында көздөрү алаңдап, коркуп аткан болсо, учурда кайдан-жайдан дух алганы, «мени камай албайт» деп баатырга айланып баратканында эмне сыр бар?

Биринчиден, Кремль дем бериши мүмкүн.

Экинчиден, Бабанов Кыргызстандагы саясый кырдаалды анализдеп, Алмазбек Атамбаев камалгандан кийин эл арасында кайсы бир деңгээлде ажырым кеткенин туюп, бийликтин алсыздыгына текеберленип, о.э. өзүнүн 600 миңдей шайлоочусуна жана миллиондоруна ишенип атса керек.

Эгерде көздөрү алайып корко берсе, рейтинги түшүп кетерин билет. Андыктан, жалгандан өпкө чапса дагы арстанга айланып, саясаттан да тартынбай сүйлөп, Өмүрбек Текебаев жөнүндө пикирин айтып, колдоп, өзүнүн таасирин арттыра баштаганы байкалды.

Жакында «Республика» партиясынын съездин өткөрүп, бийликке сес көрсөтүү жагынан кадам таштай турганы тар чөйрөдө талкуу жаратты. Сыягы, Бабанов азыркы бийликтин баш оорусуна айланып, кыйла туруштук берсе, аягы кандай болот?

Ал кокус камакка алынса эл көтөрүлөрүн сезип, ошого корстон болуп аткандай. Мындай түр менен партиялык ишмердигин күчөтсө, 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо «Республика» марага биринчи болуп келери шексиз.

Ошентип, бийлик бир жылдан кийин Бабановдун колуна өтүп кетсе таңгалбай эле койгула. Жабыркап турган саясатчыны эл колдоп кетерине далай ирет күбө болбодук беле? Бул тууралуу "АЗИЯnews" гезити жазып  чыкты.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83