www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Балык кармасаң кантип кармайм деп парламенттен уруксат сура

Кызгалдак Жакыпова 12-сентябрь 2019, 15:16

Коом


Балык кармасаң кантип кармайм деп парламенттен уруксат сура

Жогорку Кеӊеште балык уулоо жүрүмүн укуктук жактан жөнгө салууга багытталган «Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – Жогорку Кеӊештин депутаттары Жыргалбек Турускулов менен Бактыбек Турусбеков.

Демилгечилердин бири Жыргалбек Турускуловдун айтымында, мыйзам долбоору суудагы биологиялык ресурстарды, алар жашаган чөйрөнү сактоо, курчап турган чөйрөнүн жагымдуулугун камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. “Балык уулоочу торлор даярдалган синтетикалык материалдар бекем, сууда чирибейт. Ал көлдөр менен көлмөлөрдө өлгөн жаныбарлардын топтолушуна, экологиялык абалдын бузулушуна алып келет. Ошондон улам, мындай каражаттарга тыюу салуу демилгеси сунушталууда”, - дейт депутат.

Андан тышкары, мыйзам долбоору аркылуу юридикалык мааниге ээ болгон айрым бир түшүнүктөр да ачып көрсөтүлүп жатканы белгилүү болду. Алсак, «балык уулоочу синтетикалык торлор», «электр менен кармоочу тутумдар» сындуу жаӊы түшүнүктөр сунушталууда.

Баяндамачы кийинчерээк синтетикалык торлор менен балык кармоого тыюу салган мыйзам долбооруна улай, “мыйзамсыз балыкчылардын” жоопкерчилигин караган дагы башка бир катар мыйзам долбоорлору сунуштала турганын билдирди. Ал өкмөт өкүлдөрүн бул багытта биргелешип аракеттенүүгө чакырды.

Депутат Сайдулла Нышанов, Мирлан Бакиров, Бактыбек Турусбеков баштаган бир топ депуттар мыйзам долбоору өлкөнүн экологиялык коопсуздугун сактоо үчүн өтө зарыл экенин, алтургай кечигип келип жатканын белгилешти. Мирлан Бакиров балык уулоонун динамит жардыруу сындуу коркунучтуу амалдары бар экенин эске салып, келерки окууга чейин мыйзам долбооруна ошолорду да камтуу зарылдыгын кошумчалады.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83