www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дастан Бекешов: “Бечара киши особнякта жашабайт”

Кызгалдак Жакыпова 12-сентябрь 2019, 17:07

Саясат


Дастан Бекешов: “Бечара киши особнякта жашабайт”

ЖК депутаты, Дастан Бекешов: “Бечара киши особнякта жашабайт”, деп "АЗИЯnews" гезитине маек курган.

--Дастан Далабаевич, “чиновниктер аялдарына ишенбей, турак жайын ата-энелерине каттатат” деген сөзүңүз учкул сөзгө айланып кетти. Сизде ошондой фактылар барбы?

--Бизде ушундай мыйзам долбоору сунушталган. Аянты чоң үйлөрү бар пенсионерлерди салыктан бошотуу боюнча. Мен айтып атам, бул байкуштар үчүн кам көргөн мыйзам долбоору эмес. Чиновниктер эми үй-жайын аялдарына эмес, ата-энелерине оформить кыла баштайт. Ошон үчүн айттым. А так, эч кандай фактыларым деле жок.

--Анда бул мыйзамды кимдир бирөөнүн лоббиси десе болобу?

--Жок, андай деле эмес. Турак жайга салыкты баардык жарандар үчүн жокко чыгарып салса болот. Бирок, ошол эле учурда биз бир нерсени эске алууга тийишпиз, бюджетге акча жок.

--Бирок, логикалык жактан алганда, ал мыйзам долбоору туурадай эле сезилет. Себеби, пенсионерлердин кирешеси аз. Салыктан бошотулганы аларга бир аз болсо да жеңилдик алып келет.

--Пенсионерлердин негизги бөлүгүнүн турак жайы 150 чарчы метрден көп эмес. Мыйзамдын демилгечилери болсо 150 чарчы метрден көп болсо деле салыктан бошотууну сунушташууда. 150 чарчы метрден чоң там – бул особняк. Бечара киши эч качан особнякта жашабайт да.

--Анда мүмкүн аянтына чектөө киргизиш керектир?

--Салык кодекси боюнча 150 чарчы метрге чейинки турак жай ээлери ансыз деле салыктан бошотулган. Андыктан, жанагындай мыйзам долбоорунун эч кандай зарылчылыгы жок, деген Дастан Бекешов "АЗИЯnews" гезитине берген маегинде.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83