www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азимбек Бекназаров: Бийлик биздин талаптарды күзгө чейин аткарбаса, күзүндө элдик курултайды Ала-Тоо аянтында өткөрөбүз"

Кызгалдак Жакыпова 13-сентябрь 2019, 10:28

Саясат


Азимбек Бекназаров: Бийлик биздин талаптарды күзгө чейин аткарбаса, күзүндө элдик курултайды Ала-Тоо аянтында өткөрөбүз"

Коомдук ишмер, Азимбек Бекназаров: Бийлик биздин талаптарды күзгө чейин аткарбаса, күзүндө элдик курултайды Ала-Тоо аянтында өткөрөбүз", деп "Ачык саясат" гезитине маек курган.

--Азимбек агай, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү президенттин кабыл алуусунда болуп, саясатка таасир этчү күчкө айланганы жатасыңарбы?

--Жолугуу демилгеси бизден эмес, алгач президенттен чыккан. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн жолугушуусуг экс-спикер жана экс премьер-министрлерди кабыл алгандай, кеңешкендей эле жолугушуу болсо керек деп ойлойм. Анткени, Жээнбеков да Убактылуу өкмөттүн бир мүчөсү болчу. Ошон үчүн күн мурунтан бул багытта сөз болот деп болжош да кыйын.

--Ачыгын айтыңызчы, Кыргызстандагы саясий абал боюнча кооптоно турган жагдайлар барбы?

--Саясий абал туруктуу. Бирок, эл арасында нааразылыктар көп. Ошол нааразылыктарды айтып, президент менен идеялык түрдө мамлекеттин, улуттун маселесин чечели деген биздин мекенчил күчтөрдөн башка саясий күчтөр жок болуп жатат. Тагыраак айтканда, калган саясий күчтөр жеке өзүнүн кызыкчылыгы менен алектенип жүрөт. Бир гана биз улуттук мекенчил күчтөр эки Курултай өткөрүп, улуттун келечеги жөнүндөгү идеялык маселелерди президенттин алдына коюп, чеч деген талап коюп жатабыз. Эгер бийлик биздин талаптарды күзгө чейин аткарбаса, күзүндө Элдик Курултайды Ала -Тоо аянтында өткөрөбүз. Буюрса, ошол Курултайда көп нерселер чечилет.

--Кой-Таш, Арашан айылдарынын тургундары Башкы прокуратурага кайрылып, 7-8-августтагы окуя боюнча күч органдарынын ишине баа берилишин талап кыла баштады. Бул жерден кимисиники туура?

--Биз улутчул күчтөр Атамбаевдики же бийликтики туурабы дебей эл арасындагы пикирлерди топтоп, бул иш боюнча көз карандысыз, коомдук иликтөө жүргүзөлү деп коомдук комиссия түзүп жатабыз. Бийликке да, Атамбаевге да тартпай реалдуу пикир айталы деген максатта, комиссиянын курамына эки тараптын кызыкчылыгын колдобогон реалдуу пикир айта ала турган адамдарды киргизели деген чечим кабыл алганбыз. Буюрса, курамына журналисттерден, укук коргоо органындагы адамдардан жана эски саясатчылардан кошуп, тизмесин сунуштагыла деп үч адамга тапшырма бергенбиз. Дүйшөмбү күнкү жыйында ошого жараша чечим кабыл алабыз.

--Текебаев менен Чотоновдо акталууга мүмкүнчүлүк барбы?

--Чотонов менен Текебаев да ак экенин, кылмыш кылбаганын далилдөөгө аракет кылып, жаңы кошумча далилдерди табышы керек. Аларды жоопко тарткан мамлекеттик уюмдар да айыбы далилденген деп аларды актатпоого аракеттенишсе керек. Ошондуктан, биздин сотторго Кудай ыйман берсин. Тигил жакка же бул жакка тартпай кандай болсо, ошондой чечим кабыл алышы керек.

--Кыргызстандагы экономикалык абал канааттандырабы?

--Улутчул мекенчил күчтөрдүн талабына ылайык кен байлыктарга ээ болуп, ошол кен байлыктар кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн иштегенде гана экономика көтөрүлөт. Экономиканы көтөрө турган кен байлыктан башка ишене, таяна турган нерсебиз жок. Буюрса, 1-октябрда эл менен Жерүй маселесинин алкагында сүйлөшөбүз. Жок дегенде Жерүйдүн 51 пайызын Кыргызстанга калтыруу маселесин көтөрүп, элдик жыйын өткөргөнү жатабыз. Ага чейин өкмөттөн Жерүйдө Кыргызстандын үлүшү канча экенин билели, Кумтөрдү кайтаруу боюнча эмне иштерди жасашканы тууралуу маалымат алалы деп аракеттенип Турсунбек Акун аркылуу айттырып, премьер-министрге, сгтикерге жолугуу демилгесин көтөрүп жатабыз. Турсунбек Акун азыр Ак үйдө премьерди, спикерди, өкмөттү жолугушуу уюштургула деп коколоп жүрөт.

Кыскасы, элди көтөрдүңөр деп нааразы болбогула. Элден м-рун силерден маалымат алалы, ошону элге айталы деп жатканыбызды айттык. Кен тармагындагы маселеге киришпесек Кумтөрдүн, Жерүйдүн айлана-сында нааразычылыктар күчөп, алтын чыккан жердин баарын кытайлыктар, чет элдиктер басып алып, Кыргызстандын үлүшү тууралуу сөз болбой жатат. Ошон үчүн Курултайда алтын казган компаниялардан үлүшүбүздү тактагыла деген маселе көтөрүп жатабыз, деген Азимбек Бекназаров "Ачык саясат" гезитине берген маегинде.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83