www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад шаарында мушташка тиешеси бар делип шектүү камакка алынды

Кызгалдак Жакыпова 13-сентябрь 2019, 10:36

Кылмыш жана кырсык


Жалал-Абад шаарында мушташка тиешеси бар делип шектүү  камакка алынды

2019-жылдын 9-сентябрь күнү саат 23:30 чамасында, Жалал-Абад шаарынын Барпы-Сейил көчөсүндө жайгашкан жаңы ачылган «Дина» аттуу түнкү клубунун жанында, Базар-Коргон районунун тургуну 1993-ж.т. Б.М.ди өзүнө бейтааныш балдар пикир келишпестиктен зомбулук көрсөтүп, уруп коюшкан. Натыйжада Б.М. денесинен жараат алып Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факты Жалал-Абад ШИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын ЖКнин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөө аракетинин жүрүшүндө 2019-жылдын 10-сентябрь күнү Жалал- Абад ШИИБнин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 98-беренесинин негизинде шектүүлөргө карата кармоо токтомдору түзүлүп, Сузак районунун 1997-ж.т. тургундары А.Т. жана А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, 2 айга камакка алынган. 2019-жылдын 11-сентябрь күнү тергөөнүн жүрүшүндө кылмыштын квалификациясы КРнын ЖКнин 266-беренесинен (Ээнбаштык), 138- беренесинин (Ден соолукка оор зыян келтирүү) 2-б. 1,3-б. өзгөртүлгөн.

12-сентябрда бул окуяга тиешеси бар делип дагы бир Сузак районунун тургуну 1997-ж.т. Т.У. кармалып, 2 айга камакка алынган. Окуянын дагы бир катышуучусу Сузак районунун 1997-ж.т. тургуну С.А. “аталган окуядан жаракат алдым деп” Сузак районундагы Октябрь аймактык ооруканасына дарыланууга жаткан. Кече, саат 20:00 чамаларда Сузак райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан бөгөт коюу чарасы 2 айга камакка алуу тандалып, Жалал-Абад ШИИБнин УКИне киргизилген.

Белгилей кетүүчү жагдай, буга чейин кээ бир ЖМКларда окуяга катыштыгы бар делген шектүүлөрдүн арасында учурдагы иштеп жаткан Сузак районундагы айыл өкмөт башчыларынын биринин уулу бар экен деген маалымат таратышкан. Бул маалыматты төгүндөп, учурда иштеп жаткан (действующий) бийлик өкүлүнүн, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында иштеген жетекчи же кызматкердин  шектүүлөргө эч кандай тиешеси жок экендигин маалымдайбыз. Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө, деп билдирди Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83