www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Жогорку соттун төрайымы Чүй облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушту

Кызгалдак Жакыпова 13-сентябрь 2019, 17:12

Саясат


ВИДЕО - Жогорку соттун төрайымы Чүй облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева Чүй облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушту.

Ага Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев, Чүй облусунун прокурору Азамат Чынбаев, Чүй облусу боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Жолдош Мамбеталиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин директору Кубанычбек Капалов, Чүй облустук сотунун төрагасы Дамирбек Онолбеков жана судьялары, облустун райондук сотторунун төрагалары, райондук администрацияларынын башчылары, шаар мэрлери катышышты. Жолугушуунун максаты соттор менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы байланыштарды бекемдеп, элдин көйгөйлөрүн биргеликте чечүү болду.

Г. Калиева элдин сотторго болгон ишенимин жогорулатуу үчүн, судьяларды жергиликтүү бийлик органдары менен бирге элдер менен жолугуп, жеринде маселелерди чечүүгө көмөктөшүүгө чакырды. Ар кандай талаш-тартыш маселелерди сотко жеткирбей аксакалдар соттору жана медиаторлор менен тыгыз иштешип, жарандардын укуктук билимин жогорулатууга жана эл арасында мыйзамдарды туура түшүндүрүү зарыл    экендигин кошумчалады.

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, ала качуу, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту азайтуу, аларды алдын алуу иштерин чогуу ишке ашыруу керек экендигин белгиледи. Өз кезегинде Чүй облусунун райондорунун администрация башчылары, шаар мэрлери мындай жолугушуу биринчи жолу өткөрүлүп жаткандыгын айтышып, Жогорку соттун төрайымынын биргеликте иш алып баруу демилгесин колдошту.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83