www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абылгазиевдин өкмөтү оңбой калды...

Кызгалдак Жакыпова 15-сентябрь 2019, 15:02

Саясат


Абылгазиевдин өкмөтү оңбой калды...

Казына калдырап бош калганын бир топтон бери жазып жатабыз. Учурда өкмөт дээрлик бул жылдын салыгын алдын-ала жыйнап алып койду.  Алдыда бир кварталдын боштугун кийинки жылдын салыгы менен толтурабызбы деп баш катыргандар көп.

Суу сактагычтарда суу сатылып, калбай калды. Натыйжада "Кумтөргө" Сары-Чат, Ээр-Таш мамлекеттик өзгөчө коруктун аймагынан 16 миң жер берилип кетти.

Албетте, бюджетти толтурууга жем чачса керек. Жеке чөнтөк деле кампайгандыр. Эми болсо билим берүү тармагын реформалоого делип, Евросоюз бөлүп жаткан 35 миллион доллардын 32 миллиону бюджетти колдоого кетип жатканы айтылууда. Анан кайдагы реформа?

Ката жазгандарды сындап, контейнер мектепке суктанып отура беребиз да. Ал ортодо жол эрежесин бузгандарга 1000 сомдон айып төлөтүү механизми ишке кирди. Кызарган жерди кузгунчасынан чокуп жатышат... Айтор, Абылгазиевдин өкмөтү оңбой калды.. Бул тууралуу "Фабула" гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83