www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ: Иран Ислам Республикасынын ички иштер министри Абдолреза Рахмани Фазли Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына барды

Кызгалдак Жакыпова 13-сентябрь 2019, 11:55

Кылмыш жана кырсык


ИИМ: Иран Ислам Республикасынын ички иштер министри Абдолреза Рахмани Фазли Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына барды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генера-майору Кашкар Джунушалиев жана Иран Ислам Республикасынын Ички иштер министри Абдолреза Рахмани Фазли Ата-Бейит тарыхый-мемориалдык комплексине барышты.

Иран ИИМнин башчысы жана Кыргызстандын ИИМ министри 1916-жылкы каргашалуу окуяларда курман болгондордун мемориалына, саясий репрессиялардын курмандыктарынын эстелик-мемориалына гүл коюшту.

Делегациянын өкүлдөрүнө Ата-Бейит мемориалдык комплексинин тарыхы жөнүндө айтып беришти. 1937-жылы 137 адам атылган, 70 жылдан кийин кайра жерге берилген, ал эми 1991-жылы алардын элесине арналып, ушул мемориал тургузулган. Кыска маалыматтарда бул жерде Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов жана башкалар чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин аттары белгиленген. Чынгыз Айтматовдун сунушу менен мемориалАта-Бейит( Аталардын күмбөзү) деп аталган.

Ошондой эле, министрлер жана делегациянын өкүлдөрү улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көрүстөнүнө гүл коюп, эскеришти, деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83