www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Фарид Ниязовду Туу кылган Токон Мамытов Кой-Ташты ойлобой Үзөңгү-Кууш менен Каркыраны ойлобойбу?

Кызгалдак Жакыпова 13-сентябрь 2019, 14:20

Коом


Фарид Ниязовду Туу кылган Токон Мамытов Кой-Ташты ойлобой Үзөңгү-Кууш менен Каркыраны ойлобойбу?

Үзөңгү-Кууш менен Каркыраны чет мамлекетте бергенде негизги ролду ойногон Токтокүчүк Мамытов ойгонду. Кой-Таш окуясында кээ бирөө мамлекетти элге жаман көрсөтүү аракеттерин жасашкан жана мамлекетте төңкөрүш жасаганга аракет кылышкан, элдин тынчын алышкан, булардын күнөөлөрү бар, эми күнөөбүз жок деп жанын жеп жатышат. Баарынан да кызыгы ошол 7-8 август күнү Акыйкатчы эмне иш аткарды деп суроо салган киши жок. Акыйкатчы Токон Мамытовдун  кызматы ошол 7-8 август күнү эле.

 Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу 12-сентябрда акыйкатчы Токон Мамытов Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурган мурдагы президенттин аппарат башчысы Фарид Ниязов жана дагы үч киши менен жолугуп чыкты: “Фарид Ниязов жана башкаларга жолуктум. Шарты боюнча арызданышкан жок. Бирок, «мен курал кармаган эмесмин, эч кимди сабаган жокмун, ак жеримден отурам» деп жатышат”.деди.

Акыйкатчы Токон Мамытов жана Акыйкатчы институтунун карамагында түзүлгөн комиссия Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында жабыр тарткан жергиликтүү тургундарды кабыл алып, окуя тууралуу маалыматтын укту.

Кой-Ташта мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83